www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-апрелде Араванда денесинен жаракат алган 22 жаштагы тургун ооруканага түшүп, бул тууралуу милицияга кабар берилген.

Ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 21-апрелде болжол менен саат 23:30да жаш жигит унаасы менен бара жатканда, ак түстөгү унаа аны сүзүп токтоткон. Унаанын ичинен беткапчан эки жаран чыгып, жаш жигитти ур-токмокко алып, бычак менен коркутуп, колунун билегин кескилеп, унаасын тартып алган. Андан кийин «тез арада 2 млн сом таап кой» деген талап коюп, жаш жигитти окуя болгон жерге калтырып кетишкен.

 

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2 жаран кармалды. Бири — Араван районунун 32 жаштагы тургуну С.Т. Бишкекте изин жашырып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Экинчиси – 29 жаштагы Х.Ш. Өзгөн районунан кармалган. Ал Өзгөндө туулуп-өсүп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алган.

Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости