www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетке бери дегенде бир миллиард сом зыян келтиргени айтылып камалган экс-министр Динара Кутманованын камалаар алдында айткан бир жагдайга эч ким көңүл бурбай жатат. 

Кутманова камакка алынганга чейин "Азаттыкка" Таластагы "Андаш" алтын кенин мамлекеттен тартып алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге каршы турганын жана өлкө жетекчилигине ал жөнүндө туура эмес маалымат жеткирилгени үчүн ушундай абал түзүлгөнүн белгилеген.

Бул тууралуу ал өз сөзүндө: “Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берүүдө. Объективдүү карап териштирсе, баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек. Натыйжасы жок деп айтууга азыр эрте. Анткени бак-дарактар тамыр алып, түшүм бергенче убакыт керек. Геология мекемесиндеги "Андашка" аралашкан кызматкерлердин аракети болуп жатат. Мен аны так айтам. "Андашты", 2 млрд долларлык кенди, мамлекеттен ажыратып, жеке компанияга бергендердин аракети. Мунун аркасында геология мекемесиндеги мафия турат”, - деген Кутманова.

Ошондо 2 млрд долларлык "Андаш" кенин мамлекеттен ажыратып, жеке компанияга бергендер кимдер? Мындай ишти жөн адам кыла албасы белгилүү. Демек, бул жерде мамлекеттин эң жогорку сересиндеги көзүрлөр аралашкан. Алар кимдер болушу мүмкүн?..

Азыр өлкөдөгү кыбыр эткен иш үч кишинин макулдугусуз ишке ашпайт. Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун бирөөсүнүн, же үчөөнүн тең бул иштен кабары бар. Андыктан, Кутманова жөн жеринен чыркырап, 2 миллиард долларлык коррупциялык схема жыттанган ишти айтып, бекеринен жыландын башын кылтыйтып жаткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости