www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган Чынтемир Аширалиев Бишкекте үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон.  «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Быйыл февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди ноябрь айында мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген. Чынтемир Аширалиевдин адвокаты апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Шаардык соттун басма сөз кызматы отурум 20-декабрга белгиленгенин билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости