www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан облус аймагында "Экстремист" аталышындагы операциясы өткөрүлүп, 24 факты аныкталды.

"Анын алкагында кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБинин жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында, облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттоодон чыгарылган.

Облус аймагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости