www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-мартта Баткен облусунун Кадамжай райондук соту эки жашар кызын сабаган деп шектелген аялды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка таянсакк, бул иш боюнча кийинки соттук отурум 6-мартта болот.
Эске салсак, январь айынын аягында социалдык тармактарга эки жашар кызды апасы сабап жаткан видео тараган. Кийинчерээк аял бул видеону кыздын атасына, анын күйөөсүнө жибергени белгилүү болгон. Ал полицияга кайрылган. Аталган аялга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "Кыйноо" боюнча кылмыш иши козголгон.
Февраль айынын башында Кадамжай райондук соту аны 2023-жылдын 1-мартына чейин СИЗО-53 абагына отургузган. Балдарды - эки жашар кыз жана анын бир тууган агасы жана эжеси убактылуу үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.
Ошондой эле аял 2022-жылдын күзүндө мыкаачылык менен кол салууга кабылган Баткен облусундагы үй-бүлөнүн кызы экени белгилүү болду. Анда белгисиз адамдар үй-бүлө башчысын, анын уулун өлтүрүп, апасын оор жарадар кылышкан. Аял кызга жасаган жаман мамилесин күйөөсүнүн стресси жана кысымы менен түшүндүргөн.
Булак: NazarNews.kg