www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 жыл күткөн атабыз бизди кабыл ала албады

- Анда менин 7 жаштагы кезим. Атам менен апамдын кээде кыйкырышып урушуп калган күндөрүн эске албаганда бактылуу үй-бүлө болсок керек деп ойлойм. Ал кезде ата-энемдин урушунун тамыры кайда жатканын аңдабаптырмын. Бир күнү атам жок кезде чай үстүндө отурган апам бизге:

- Биз эки күндөн кийин шаарга кетебиз. Бишкекке барып жумуш таап, силерди ошол жактагы мектепке киргизем. Атаңарга биздин керегибиз жок окшойт, башка үй-бүлөсү бар экен,- деди.

Апамдын бул сөздөрүн агам менен иним кандай кабыл алды билбейм, мен тереңине түшүнө бербедим. “Кандайча башка үй-бүлө? Бизчи? Бир эле атада кантип эки башка үй-бүлө болсун?” дейм ичимден. Бул суроону апама же атамдын өзүнө бере алган жокмун. Апамдын ачуусуна тийбейин деп сестенсем, атам ошол бойдон үйгө келген жок. Үйдө бирин-серин майда жандык, бир торпогубуз бар эле. Эртеси апам менен агам базарга барып сатып келип, кем-карчыбызды толуктап төртөөбүз таң эрте жолго чыктык... 

Толук кандуу үй-бүлөдө, ата-эненин мээримине сугарылып чоңоюп келатканда жашоомдун мындай өзгөргөнү мага оор тийди. Балким, агам эс тартып апама жардамчы болуп, иним оюнга алаксып жаткандыр. Мен болсо атама болгон кусалыктан кыйналып алгачкы жылдары ыйлап, айылга кетким келип жүрдү. Анын үстүнө кенедей сыз бөлмө, өп-чап жашоо бизди ого бетер чүнчүттү. Келген күндөн баштап апам кесиби боюнча ооруканада иштеп калды. Биз ошол конуштагы мектепке, иним бала бакчага барып жатты. Жаңы классташтарга көнө албай жакшы эле жүдөдүм. Көп учурда алардын келекесинен унчукпай кутулсам, кээде гана жакалаша кетип таяк жеген учурларым болду.

- Барбайм! Жакпайт мага бул мектеп, окубайм! Айылга атама кетем,- деп бир ирет чыр чыгарганымда, апам: 

- Уулум, айылдагы үй эми биздики эмес. Ал жакта атаң башка аялы менен жашап жатат. Экинчи алдагы сөзүңдү укпайын! Айтпа мага айылды! - деп урушту.

Аялынын мындай мамилесинен дароо артка тартып басып кетким келди, бирок атайын алыс жолду арбытып келген соң атамды көрүп кетсем деген каалоом үстөмдүк кылды. Азыр кандай болуп калды экен? Колунан каруусу кетип, чачын ак басып карый түшкөндүр. Баарынан да бизди кандай кабыл алат деген санааркоо менде күч эле. Жыйырма жылдан бери балдарым деп бир басып келбесе да жүрөгүндө сактап жүргөндүр...Оюмду үйдөн чуркап чыккан тестиер кыз бөлдү. Мага окшош көздөрүнөн улам карындашым го деп болжодум. Сөзгө тартайын дегенче болбой кандай атып чыкса, ошондой тездик менен үйгө чуркап кирип кетти. “Ушуну көрүш үчүн келдик беле?!” деп байкем кыжырданып атты. Аңгыча дарбазадан атам кирип келди. Аны менен тиктешип туруп калган бир нече мүнөттүк көз ирмемде бүтүндөй жашообуз, балалыгым көз алдыма тартылды. “Ата” деп кучагына бой урдум. Башкасын күтсөм да атаман мындай салкын мамилени күткөн эмес элем. Жыйырма жылдан бери көрүшө элек балдары менен эмес, киришип-чыгышып жүргөн кошунасы менен учурашкандай эле учурашты биз менен. Үйгө киргизип отургузганы менен, сөзүбүз да уланбады. Кабагын салып аялынын бир чыныдан берген чайын ичип, арнап алып келген белектерди тапшырып жолго түштүк. Ата деп дегдеп келген демибиз сууп, жолду катар үнсүз бараттык. Иним менен байкем атамды жектеп, аялына болгон наалатты айтып нааразы болуп келатышты. Мен сөзгө аралашпай эркек башым менен көз жашыма ээ боло албай ыйлап жаттым. Атам менен жолугушуубузду башкача элестеттим эле. Биздин келгенибизге жетине албай сүйүнүп, абалыбызды сурап, ушул аралыкта кандай жашоодо жашаганыбызга кызыгар дегем. Балким, ошенткиси келгендир. Бирок, иним айткандай, жанагы “сур жыландан” жазганды окшойт. Аялы аны кың дедирбей бийлеп алганы башында эле түшүнүктүү болгон. Бирок атам мынчалык эрксиз, чечкинсиз адам экенин элестетпептирмин. Атамды ээрчитип деле кетпейт элек. Болгону, каныбыз бир адам бизге кичине болсо да караан болуп, катышып турсак деген илгери үмүтүбүз да үзүлдү. Эки кызына ага катары арка-жөлөк бололу деген тилегибизди да таш капты.

“Атамды таап томсоруп кайттык”

- Башында байкем моюн толгоп көнбөгөнү менен, апамдын шагын сындыра албай макул болду. Иним болсо атамды көргүсү келип жатканын айтып тим болду. Ошентип, үчөөбүз атама арнап белектерди артынып алып жолго чыктык. Туулуп-өскөн айылдын чаңы, ташы да көзгө жылуу учурайт. Минтип жыйырма жыл мурда кеткен үйүбүзгө келдик. Бир убакта бизге ыраа көрбөй чыгарып жиберген үйгө атам андан кийин деле жашабаптыр. Жаш аялын алып чет өлкөгө кетип, ошол жакта көп жыл иштеп жүрүшүптүр. Кийин кайра айылга келип, биз жашаган чакан үйдү бузуп зыңгыратып үй салып, тегерек-четти тосуптур. Тиричилиги бир көргөн кишиге тыңдай өңдөндү. Дарбазадан тартынчыктап жатып араң аттап кирдик. Иттин үргөнү ичкериден угулдубу, жоолугун төбөсүнө кондуруп, кашын жыйрыган, жашы кырктардагы аял чыкты. Атамдын экинчи аялы экенин айттырбай түшүндүк.
- Ким керек эле? Садыр үйдө жок,- деди ай-буйга келбей.
 – Саламатсызбы, биз уулдары болобуз, атама келгенбиз...- дегенге араң жарадым мен. Биздин келгенибиз ага жаккан жок окшойт, дароо үтүрөйө түштү. Жактырбаганы сезилип турду. Же үйгө киргиле дебей же кеткиле дей албай “азыр келсин” демиш болуп үйүнө кирип кетти. Биз ыңгайсыз болуп эле туруп калдык.

Үйгө келгенибизде суз маанайыбыздан апам иш оңунан чыкпаганын айттырбай түшүндү. Башында атама жолуга албай, таппай келген экен деп ойлоптур. Мен болгонун болгондой айтып бергенде: “Бала кезиңердеги сокку жетиштүү эле, эр жетип калганда дагы бир жолу жүрөгүңөрдү жараладым”, - деп капа болуп ыйлады. Мен болсо атам бир күнү болбосо бир күнү ойлонуп, издеп келеби деген үмүтүмдү үзө албай күтүп келем. 
Айбек, Бишкек шаары

“Атанын орду турмуш курганда билинди”

- Кудай деле боору ооруп, турмушуңду теңдейт окшойт. Байкем жогорку окуу жайга өз күчү менен өтүп кетти. Анын артынан мен орто мектепти бүтүп тапшырдым. Байкем башында эле апамдын жолун жолдоп доктур болом деп чечкен. Менин бала кездеги кыялым учкуч болуу эле. Бирок ден соолугума байланыштуу ал окуу жайга өтө албай юрист болмой болдум. Окуунун төлөмү кымбат болгондуктан жакшы эле кыйылдым, апам окутам деп көшөрүп тапшыртты. Ошентип, апам калган өмүр жашын, күчүн бизди окутууга жумшады. Көрсө, жер жүзүндө сени сатпаган, башкага алмаштырбаган, сен үчүн өзүн курмандыкка чалган жалгыз жан эне болот тура. 
Жылдар жылга алмашып байкем окуусун бүтүп, иштеп, үйлөнө турган маалы келди. Ала турган кызы өзү менен бирге окуган, тектүү жерден болчу. Апам бизди анча-мынча эркектен артык тарбиялап өстүрсө да, баары бир атанын орду билинет экен. Куда тарап бизге ачык айтпаганы менен, “кызыбыз жалгыз бой аял өстүргөн балага тиеби?” деп теңине албай сүйлөнүшүптүр. Ал кептерди укканда апам сөзгө сынып, капа болду. Той бүткөндөн кийин көпкө чейин мурдагыдай ачылып сүйлөбөй ойлуу жүрдү. Бир ирет кечки тамакка отурганыбызда мага кайрылып: 
- Балам, ушунча жылдан бери атаң экөөбүздүн ажырашканыбыздын себебин ачылып айтып берген эмес элем. Ага таарынычым, ызам үстөмдүк кылып ал күндөрдү эстегим келчү эмес. Атаңар өзүнөн бир топ жаш кичүү келинди жактырып, ошо менен жашайм деди. Силер үчүн башымды аттаганына көз жумуп күн кечирип келсем деле жарашмак. Бирок “ата-энемден калган үйдү бошот, ичиндеги оокат, мал сеники” деп соодалашканга өткөндө гана кайра артка тартпасын түшүнгөм. Ушул күнгө чейин атаңардын ордун жоктотпой келдим деп ишенген элем. Бирок колуң менен асман чапчып турсаң да бири кем дүнүйө деген ушул экен. Жакынкы жылдары сен да үйлөнөсүң. Ошондо кудалар кыйшаңыңды чыгарып, байкеңдей кылып сөзгө сындырып турушун каалабайм, балам. Үчөөң колуңдан келсе атаңарды кечирип, издеп таап катташкыла. Керилген жигит болгонуңарды көрсө ал деле силерден баш тартпас...- деп көптөн бери ойлоп жүргөн акылын ортого салды.

“Апам үч уулун жалгыз бакты” 

Бир билгеним, апам эч кимден, жадакалса төркүнүнөн да жардам сурап барган жок. Жанын оозуна тиштеп, кээде үй бетин көрбөй эмгектенип бизди бакты. Эс тарткандан баштап биз да кол арага жарап калдык. Базар түбүбүздө болгондуктан байкем сабактан келери менен курсагын тойгузуп алып суусундук сатканы жөнөчү. Алгачкы жылдары мен кошуна балдар менен ойноп күн кечирсем, бара-бара соодага аралаштым. Агамдын “ойногуча мени менен базарга барсаң болбойбу, беш сом тапсаң да апама жардам” деген сөзүн эп көрүп башында коробка терип сатып жүрдүм. Билесизби, балада ардануу, тартынуу деген сезим болбойт экен. Азыр ойлосом, керээлди кечке контейнерлердин арасын кыдырып чогулткан коробкам салмагына жараша элүү сомго жетпеген акча болчу экен. Акчаны апама асмандагы айды алып келгенсип сүйүнүп санап берер элем. Анткени ошол жылдары ал акча эки күн жей турган наныбызга жетчү. “Балдарым азамат, мени ушулар эле багат” деп апамдын алкаганы агам экөөбүзгө күч берер эле. Кийин биздин жашообузга апамдын эки иниси каралашып, жер тилке алып берип чакан үй салганга жардам беришти. Үйүбүз үстүбүздө болуп, жашообуз оңолгонсуп, курсагыбыз да, көзүбүз да тамакка тоюнгансып калды.

Булак: lady__kg

Последние новости