www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жыл 1880-жылдан бери дүйнөдөгү эң ысык экинчи жыл деп катталды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Глобалдык жылуулук акыркы жылдарда дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири болууда. Глобалдык ысуунун кесепетинен климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жатат. Европанын орто мөөнөттүү аба ырайын болжолдоо борборунун (ECMWF) ERA5 глобалдык баа берүү маалыматтарына караганда, 2016-жыл дүйнөдөгү эң ысык жыл болду. 2020-жыл болсо экинчи ысык жыл болду. 2020-жылдан кийин 2019, 2017, 2018, 2015, 2010, 2014, 2005 жана 2013-жылдар турат.
Адистердин айтымында, 19-кылымдын аягынан бери Жердин бетинин орточо температурасы болжол менен 1,2 градуска жогорулаган. Өнүккөн өлкөлөр климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө көбүрөөк себеп болууда. Климаттын өзгөрүшү өнүкпөгөн өлкөлөрдө медицина, коопсуздук, туруктуулук жана экономика чөйрөсүндө туруксуздукту жаратууда.