www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы айдоо аянттары 6,5 миң гектарга көбөйтүлөт

Бүгүн, 27-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселесин талкуулады. Ал дүйнө жүзүндө айыл чарба тармагын иштетүүнүн жаңы шарттары, инновациялар колдонулуп жатканын айтып, Кыргызстан да жазгы талаа иштерине даярдык көрүүдө мурдагы шаблонду колдобошу керектигин эскертти.

Өлкөдө калктын дээрлик 70 пайызы айыл жергесинде жашайт. Макроэкономикалык абал начарлап турганда, айыл чарба тармагын башкарууда жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө жаңы кадамдар керек. Кеп 5 багыт: эт, сүт, интенсивдүү багбанчылык, балык ууулоо жана мөмө жемиштери тууралуу жүрүүдө.

«Биздеги климат айрым өсүмдүктөрдөн жылына эки ирет түшүм алууга мүмкүндүк берет. Быйылкы жылы айдоо аянттарын 6,5 миң га жогорулатуу каралып жаткандыгын эске алуу менен, бул маселе абдан маанилүү. Ошондой эле жыл сайын 50 миң га жер иштетилбей калаарына көңүл буруу керек. Азык-түлүк коопсуздугу абалын эске алуу менен мындайга жол берилбеши керек. Суу тармагынын муктаждыгын эске алганда, суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо боюнча программа зарыл. Ойлонуп отурууга убакыт жок, жакында жазгы-талаа иштери башталат. Андыктан жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү чечимдердин кабыл алынышын артка жылдыруу мүмкүн эмес», — деди Новиков.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоору жактыруу алдында турат. Быйылжеңилдетилген насыя берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидиялоого 1,1 млрд сом бөлүнүүдө. Бул фермерлерди 6 млрд сомдон ашуун суммадагы жеңилдетилген кредит менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагындагы GIS технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоор ишке ашыруу алдында турат.

Айыл чарба министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

—  2021-жылдын 1-февралына чейин жазгы-талаа иштерин өткөрүү боюнча Өкмөттүн токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу;

— райондорду товарлардын айрым түрүн өндүрүүгө адистештирүү аркылуу райондоштуруу тутумуна кайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

— 2021-жылдын 1-февралына чейин «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоорун бекитүү;

— 2021-жылдын 1-февралына дейре айыл чарба техникасынын лизингине 400 млн сом кошумча каражатт бөлүү;

— айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо көлөмүн көзөмөлдөө үчүн технологияларды ишке киргизүү;

— беш артыкчылыктуу багыт боюнча кошумча нарк түзүүнүн конкреттүү долбоорун киргизүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости