www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган балдардын 80 проценти мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөт. Бул тууралуу 27-январда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.
Мекеме билдиргендей, балдарга карата мындай зомбулук өз үйүндө же конокто жүргөндө жасалары аныкталган.
ИИМ ата-энелерди балдарына сак жана жоопкерчиликтүү болууга, аларды жеке коопсуздук эрежелерине үйрөтүүгө чакырды. Ошону менен катар баланын чөнтөк телефонуна ыкчам жардам үчүн «Менин аймактык милиция инспекторум» же «112 Кыргызстан» тиркемелерин жүктөп берүү керектигин кошумчалады.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңге чукул бала эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган.
Булак: NazarNews.kg