www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Белгилей кетчү жагдай, чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.

Ал эми инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун ант берүү аземи саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости