www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 18-сентябры, саат 12:00гө карата Баткен облусунда азыркы учурда жалпы 136 миң 700 ашуун жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы Баткен облусу боюнча 47 убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, 4461 жаран жайгаштырылган. Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алуу үчүн, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалган. 18-сентябрга карата 392 жаран жайгашты.
Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 209 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 153 тонна гумжардам Раззаков шаарына, Достук айылына, Сүлүктү шаарына, мындан сырткары Кыштут, Боз-Адыр, Бужум, Ак-Сай, Кара-Булак, Айгүл-Таш, Бөжөй, Чоң-Кара, Чет-Булак айылдарына таратуу үчүн жөнөтүлгөн. Ал эми Маргун жана Лейлек айыл аймагына жеткирилген.
Республика боюнча гуманитардык жардамдарды чогултуу үчүн жалпы 163 пункт ачылган. Алар: Ош облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында - 1, Бишкек шаарында – 1.
Булак: NazarNews.kg