www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын октябрынан бери Газадагы согуштук аракеттердин кесепетинен 48,5 миңден ашуун палестиналык каза болуп, дээрлик 112 миңи жаракат алды. Бул тууралуу Палестина анклавынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

"Израилдик агрессиянын курмандыктарынын саны 48 503кө жетти, дагы 111 927 адам жаракат алды", – деп айтылат министрликтин отчетунда. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саат ичинде дарыгерлер урандылардын алдынан 32 адамдын сөөгүн алып чыгып, ооруканага 14 жабырлануучу жеткирилгенин маалымдады.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын куралчан тарапташтары Газадан Израилге кирип, чек арадагы калктуу конуштардын жашоочуларын өлтүрүп, барымтага алгандан кийин кескин курчуду. Буга жооп катары Израиль анклавда аскердик операция баштап, ХАМАСтын аскердик жана саясий түзүмүн жок кылууну жана барымтага алынгандарды бошотууну көздөдү.

15-январда Израиль менен ХАМАС Газадагы барымтадагыларды бошотуу жана ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Үч этаптан турган бул келишим 19-январда күчүнө кирген, анын биринчи фазасы 1-мартта аяктаган. Биринчи этаптын алкагында бошотулушу керек болгон 33 израилдик барымтачынын бардыгы, анын ичинде каза болгондор да, өз мекенине кайтарылган. Аларга жооп катары Израиль 1,5 миңден ашуун палестиналык туткунду түрмөдөн чыгарган, алардын айрымдары Палестина аймактарынан чыгарылган.

Последние новости