www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы барууга эң кооптуу өлкөлөр аталды

International SOS медицина жана коопсуздук тармагындагы адистер 2023-жылы барууга эң кооптуу өлкөлөрдүн рейтингин түзүштү. Бул тууралуу Businesstravelnewseurope.com сайтында жарыяланды.

Эң кооптуу өлкөлөрдүн сап башынан Ооганстан орун алды. Экинчи орунду Сирия ээлесе, 3-орунга Украина жайгашты.

Коопсуздугу толугу менен же жарым-жартылай (айрым аймактарда) өзгөчө кырдаал катары классификацияланган башка өлкөлөр:

Мали;

Ирак;

Борбордук Африка Республикасы;

Йемен;

Сомалия;

Түштүк Судан;

Нигерия;

Конго Демократиялык Республикасы;

Пакистан;

Мозамбик;

Израиль.

International SOS Украинадагы жаңжалга жана жашоонун кымбаттыгынан улам Европадагы социалдык толкундоолор күчөгөнүнө карабастан, Европадагы коопсуздук туруктуу бойдон калганын баса белгиледи. Улуу Британия, Германия жана Франция сыяктуу өлкөлөр төмөн бойдон калууда.

Түндүк Африканын Сахел аймагында согушуу коркунучу жана кылмыштуулуктун өсүшү дагы сакталууда. Пандемиянын социалдык-экономикалык таасиринен улам Колумбия жарым-жартылай кошулду.

Ал эми коопсуз өлкөлөрдүн катарына Норвегия, Финляндия, Швейцария, Дания жана Исландия кирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости