www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы Кыргызстан 42,2 миң тонна картошка экспорттогон

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстан былтыр Россия, Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине 42,2 миң тонна картошка экспорттогон.

Картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30 сом, июнь айында 45 сом, сентябрь айында 30 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.

Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40 сомду түзгөн.

Быйыл март айына карата республика боюнча кортошка орточо дүң баада 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.

«Учурда Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытай мамлекетине дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп белгиледи министрлик.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай жер төлөдө чирип, малга берип жатканын айткан. Министрлик бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости