www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;

– бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 1% жана 50 млн сомго чейин – 0,5% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирөөсүнө өтүш үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.

Азыркы учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соода ишин жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул өзгөртүүлөр салык системасын жакшыртууга жана ишкерлер үчүн адилеттүү жана ачык-айкын салык шарттарын түзүүгө багытталган.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости