www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналаарын маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы коомдук тартипти сактоо, мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп, бул өз кезегинде өлкөнүн туристтик жана инвестициялык потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстанды ачык жана коопсуз мамлекет катары оң элесин калыптандырат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына кирген чет өлкөлүк жарандардын саны олуттуу өскөнү катталды.

2025-жылы кирүү агымы 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйгөнү Кыргызстанга туризм, саякат жана ишкердик активдүүлүк багыттарында кызыгуу кескин жогорулаганын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасына кирген чет өлкөлүк жарандардын саны:

2023-жыл – 17 480 097 адам;

2024-жыл – 17 682 929 адам (1,2 пайыз өсүү);

2025-жыл – 20 978 965 адам (2024-жылга салыштырмалуу +18,6 пайыз).

2025-жылы кирүү агымынын кескин өсүшү туристтик инфраструктуранын өнүгүшү, эл аралык маршруттардын кеңейиши, өлкөнүн жаратылыш жана маданий потенциалынын активдүү илгерилетилиши, ошондой эле ишкердик жана инвестициялык байланыштардын өсүшү менен шартталды.

Жалпысынан 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан 37 050 223 адам өткөрүлдү, алардын ичинен:

18 574 022 адам өлкөгө кирди;

18 476 201 адам өлкөдөн чыгып кетти.

Ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу 3 260 642 транспорт каражаты өткөрүлдү, ошону менен бирге 1 690 357си өлкөгө кирген. Бул туристтердин жана эл аралык ташууларга катышуучулардын жогорку мобилдүүлүгүн тастыктайт.

Муну менен катар Чек ара кызматы чек аралык жана миграциялык мыйзамдардын сакталышына катуу көзөмөл жүргүздү. 2025-жылы документтери талапка жооп бербеген 28 593 адам аныкталып, алардын ичинен 28 006 адамга Мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берилген жок. Өлкөдө болуу эрежелерин бузганы үчүн 2 031 чет өлкөлүк жаран депортацияланды.

Чет өлкөлүк жарандардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын туризм жана бизнес үчүн ачык, коопсуз жана жагымдуу өлкө катары позициясынын бекемделгенин, ошондой эле анын аймактык жана эл аралык процесстердеги ролунун өсүп жатканын тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы Мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону камсыздап,, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу кирүүсү үчүн ыңгайлуу жана ачык шарттарды камсыз кылууда.

Последние новости