www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө мурда алынып келинген же өндүрүлгөн алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу, ошондой эле салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттенмелерин аткаруудан бошотулуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдайт.
Бул чара зер буюмдардын жүгүртүлүшүн тартипке салууга, ишкердик жүргүзүү үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө жана ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн административдик жүктү азайтууга багытталган.
Легалдаштыруу мезгилинде баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сыноого жана эн тамгалоого пробирдик жыйымдын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулат:
– ата мекендик өндүрүштөгү алтын, платина жана палладийден жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган жана өндүрүлгөн, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган зер буюмдар — 1 зер буюм үчүн 10 сом;
– ата мекендик өндүрүштөгү күмүштөн жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган чет өлкөлүк өндүрүштөн жасалган, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган буюмдар — 1 зер буюм үчүн 8 сом.
Жоопкерчилик чараларынан бошотулуу үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынан тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл.
Бул үчүн салык төлөөчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
1. esf.salyk.kg сайты аркылуу электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирүү;
2. «Сатып алуу» бөлүмүнө, андан кийин ББЭД бөлүмчөсүнө өтүү;
3. экрандын жогорку оң бурчундагы «Кошуу» баскычын басуу;
4. ачылган терезеден «Баалуу металлдардан жасалган баалуу зер буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизүү» талаасына белги коюу;
5. Көрсөтүлгөн опцияны тандап алгандан кийин электрондук документтин негизги реквизиттери автоматтык түрдө түзүлөт. Салык төлөөчү эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинин 19-пунктуна ылайык документтин товардык бөлүгүн гана белгиленген тартипте толтурушу керек.