www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык өнүгүү банкынын (ЕАБР) макроэкономикалык божомолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк ИДП орточо темпте өсөт.
ЕАБРдин аналитиктери өнүккөн өлкөлөрдө ИДПнын өсүшү төмөн деңгээлде болорун болжолдошот. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр индустриялаштыруу жана инфраструктурага инвестиция салуу аркылуу жогорку темпте өсүүнү камсыздайт.
ЕАБРдин негизги сценарийине ылайык, АКШ экономикасы 2026-жылы 1,6% өсөт деп күтүлүүдө. Евробиримдиктин ИДПсы 1,1% өсөт деп болжолдонууда. Экономиканын жай өсүшү башка өлкөлөрдөн суроо-талаптын азайышы же келечекке болгон ишенимдин төмөн болушу менен байланыштуу.
Кытай экономикасында 4,6% өсүш күтүлөт. Бул ички суроо-талапты стимулдоо чараларынын натыйжасында мүмкүн болот.