www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева диний окуу жайларда билим алып жаткан балдардын укуктарынын сакталышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Акыйкатчы институту ислам багытында билим берген 7 облустагы 21 медресеге мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу мыйзам бузууларды аныктаган. Иликтөөдө окуучулардын жашоо шарттары, билим алуу процесси жана медреселердин ишмердүүлүгү каралган.
Мониторингдин жыйынтыгында көпчүлүк медреселерде уставдык жана каттоо документтери жок экени, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп бербей турганы, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар сакталбаганы аныкталган.
Ошондой эле айрым медреселер юридикалык документтерде көрсөтүлгөн даректе эмес, башка жерлерде иш алып барары, окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын жүргүзүлбөй турганы жана расмий келишимдер түзүлбөгөнү белгиленген.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, көпчүлүк медреселерде диний билим гана берилип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билим окуучулар тарабынан онлайн форматта өздөштүрүлүүдө.
Мындан тышкары, “Мухаммед Амиин” медресеси мыйзам талаптарын бузуп, өспүрүмдү окууга кабыл алган. «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга ылайык, жогорку жана орто диний окуу жайларына орто же жалпы билим алгандан кийин гана кабыл алуу каралган.
Мониторинг учурунда Жал айылындагы “Заман Шамы” мектебинде ашпозчу жок болгондуктан, окуучулар кезектешип тамак даярдап жатканы аныкталган. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампа санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленген.
Анонимдүү сурамжылоодо окуучулардын көпчүлүгү мамлекеттик стандартка ылайык светтик билим алууга мүмкүнчүлүк чектелүү экенин, ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу жана тиешелүү органдарга кайрылуу жолдору тууралуу маалыматтары жетишсиз экенин билдиришкен.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Акыйкатчы институту Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды жөнөткөн.
Сунуштардын арасында медреселер жана алардын окуучулары боюнча бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик стандарттарга ылайыкташтыруу, жашы жете элек балдардын светтик жана кесиптик билим алуусун камсыз кылуу, ошондой эле медреселерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү чаралары бар.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Акыйкатчы институтунун сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актысы чыгарылып, анын жыйынтыгында 9 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын так сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.