www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21 жаштагы кыз депутат болду

Nur Otan партиясынын саясий бюросунун Алматы шаарындагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатынын ичинде 21 жаштагы шахматчы кыз Жансая Абдумалик бар. Бул туурасында коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазды.

Эми аны аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Жансая Абдумалик эки күн мурда, 12-декабрда, 21ге толду.

Жансаяны 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы деп аташкан. Ал Казакстандын шахмат оюнунун тарыхындагы биринчи окуя болгон.

Спортчу бул оюн менен 14 жашынан алектене баштап, Казакстандын эң жаш гроссмейстери болгон. Азыр анын куржунунда республикалык, дүйнөлүк турнирлердин көп байгелери бар.

Анткен менен социалдык тармакта Жансаянын маслихатка келиши боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.

Бир тобу кызды аяшса, бир тобу бюрократтардын катарында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек деп жазды. Ал эми дагы бир интернет колдонуучу "куурчак ойной турган куракта экен" деген пикирин калтырган.

Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) шайлоо болуп, беш партиянын ичинен үчөө өттү. Алар Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстандын элдик партиясы.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости