www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди сыйлыктарынан ажыратып же калтырып койгондон эч кимдин кылы деле кыйшайбайт», - дейт журналист Күнболот Момоконов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, маданият тармагына залакасын тийгизгендерге катууу чара көрүлүшү керек.

«Нуржигит Кадырбеков аягына чейин туруш керек. «Тапшырам» дегендер болсо, «жүрөктөн» деп кабыл алып, «министрликке басым кылуу, маданият тармагына залакасын тийгизгендерди колдоо жана аларга жан тартуу» деп баалап, аларды да маданият тармагынан четтетип, маданият багытында жумушка алууга тыюу салып, иш-чараларга катышууга чек койсо болот.

Болбосо, кечирим сурап койгон ордуна «Мен үчүн министрлик жок» деп отурат. Бул чектен чыккандык. Курал да, Кайрат да өз аракети менен жылаңач баатырлар болуп ушул эрезеге жетишкен.

Колдоп, алардын ийгиликтерине карек суулаганбыз. Талант, эмгек, мээнет үчүн кечирип коюш секунддук нерсе. Алардын сыйлыктарынан ажыратып же калтырып койгондон эч кимдин кылы деле кыйшайбайт. Болгону тартип болбосо билгенин кылгандар көбөйдү. Башкасы мейли, ушу маданиятты катуу карабаса болбойт. Кыжырланган эле эл.

«Реформалар ишке ашып, тартип болуш керек» - дейбиз. Мына ушундай эле нерселерден башташ керек. Министр Нуржигит Кадырбеков аягына чейин турбаса, анда өзгөрүүлөрдү башка тармактан күтпөй эле коюш керек!», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости