Кечээ эле "эшек эти" менен калкты алдаган Юруслан Тойчубеков элге акыл үйрөткөндө...
Саясат  |   |  2136

2015-жылы Юруслан Тойчубековго «Коррупция», «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал качып кетип, артынан издөөгө алынган эле. Ошентип, беш жылдай качып жүрүп, Октябрь төңкөрүшунөн кийин пайда болуп, учурда элге акыл үйрөтүп жүрөт. А катар-катар козголгон кылмыш иштерин жаптырып койдубу? Эмне ал боюнча айтпайт? Эгер Юруслан Тойчубеков оппозиционер болсо, бийликти сындаса, аңда саясий куугунтук катары бааланып калат эле. Жоок, бул өмүр бою чиновник болгон адам да. Байлыгы арбын... Таң каласың, эмне, кош стандарттуу саясат башталдыбы? Өзү унчукпаса да, укук коргоо органдары Тойчубековдун кылмыштарынын ток этеринен айтып коюшпайбы? Бири-бирине шылташпай. Кантип таза коомду курабыз? Шек кетип атса...

Булак: Азия News гезити

Поделитесь с друзьями