www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенге болгон иш сапарында Садыр Жаларов элдин суроолоруна жооп берип жатып, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделип жатканын, кылган иштери боюнча жоопкерчиликке тартыларын айткан. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин күч органдары Жунушапиев менен Опумбаев боюнча үн катышпайт? Же алардын кылмыштуу аракеттерин жашыргысы келишеби?

Эске салсак, 5-6-октябрдага башаламандыкта жүздөгөн мекендештерибиз жаракат алышкан, канчасы майып болуп калышты? Үмүтбек ок жеп каза тапкан. Укуктук, саясий баа берилиши керек да!

Ошондой эле, беш жүзгө жакын милиция кызматкерлери да ар кандай соккуларды алышып, дарыланып чыгышканы айтылган. Дал ошол нааразычылык акциясында Жунушалиев ИИМди, Опумбаев УКМКны таштап, качып кетип жатышпайбы! Бул эмне деген жорук?

Мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилердин мындай кылыктары кечиримсиз. Мыйзамдуу талаада жооп беришпейби? Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча экөөнүн кылмыштары чектен ашканы жашыруун эмес, коомдук пикир катары кабылданып калды. Качан баа берилет?

Булак: Азия News гезити

Последние новости