www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин соттон утуп алгандан бери социалдык тармактарда өзгөчө талкууга алынды. Чындыгына караганда кыргыздын душманы кыргыз деп бекер айтпаса керек. Самарага карай, сайдын ташы биринчи ыргытылган жок болсо, маданият кызматкерлеринде ички жашыруун салгылашуулар, ырым-жырымдарын жасагандар, көрөалабастык кылгандар ого эле көп.

Алардын айрымдары жылтырак көйнөк кийип кийип, жылмайып ырдап сахнадан ырдап түшүп кетсе көпчүлүк тигилип тиктеп кол чаап жакшы көргөндөрдүн көбү жаңылышат, даана котур ташы койнунда жаткандар маданий тармакта жайгашкан.

Мындай көрөалбастык бүгүн же кечээ пайда болгон жок, кыргыздын канында барбы айтор ак куудай суналган Таттыбүбүнү тагдырын талыта чапкан, көргөндүн көзүн кубантып жогорку актерлук чеберчилик жөндөмү бар Бакен Кыдыкееваны суналткандар азыр арабызда бар. Деги койчу санай берсек сан жеткис. Бекеринен айтпаса керек, «кыргыздын душманы - кыргыз» деп…

Эми жаш ырчылардын алдыңкы сабында келе жаткан Самара Каримовага токтололу. Такталган маалыматка караганда, сот ырчынын аны мыйзамсыз кызматтан алуу боюнча арызын канааттандырган. Андыктан министрлик Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайдын директору кызматына кайрадан дайындашы зарыл. Бул маалымат коомчулукка жарыялангандан бери ызы-чуу башталып, аталган ырчыны ур-токмокко алышууда.

Чыны менен Самара Каримова аракетчил ырчылардын алдыңкы сабында келе жатат. Жакында эле Өзбекстандын атактуу актеру "Кыргыз-Өзбек" достугуна кошкон салымы жана Өзбекстандын Ташкент шаарында жогорку деңгээлде концерт бергени үчүн, Өзбекстан Республикасынын абройлуу “Музаффар.уз” сайты, белгилүү “Соадат" мамлекеттик журналы, Өзбекстан Республикасынын Эл артисттер коомунун чечими аркылуу “Ардак грамота“, "Фахрий йорлик" наам менен сыйланды.  

Самара Каримовага сыйлыкты Өзбекстан Республикасынын Эл артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Өзбек мамлекеттик Мукими театрынын башкы директору, белгилүү актёр Мырза Азизов тапшырды.

На изображении может находиться: 3 человека, люди стоят

Андан кийин мындай ыраазчылык РФ мамлекеттик думасы тарабынан дагы берилген. Кыскасы Самара Каримованын жетишкендиктери жаш болсо дагы толтура болгону менен талкууга алынып, токтоосуз сынга кабылып келет.

На изображении может находиться: 4 человека, люди стоят и в помещении

Эмне дейбиз, Самара Караимова жашоо ушундай жан-жакаңды карабай алдыга карай багыт ал! Ырдап турган үн өзүңдүкү, сулуулук өзүңдүкү, бирөөнүн менчиги болгондо «давно» сенден тартып алмак. Башыңды жерге төмөн салбай, Өзбекстанда тартылып жаткан сериалга аттан…

Баса, сын-пикирди туура кабыл ал…коомчулукта зеригип олтурганы «Самара, эмнеге Асанды кучактабай, атты кучактайт?», деп дагы жазышы мүмкүн…Аны жүрөккө кабыл албай, Кайрат менен Куралчасынан кетпей даңгыр жолго кенен кадамыңды таштай бер.

На изображении может находиться: 1 человек, стоит, лошадь и на улице

Эске сала кетсек, 2018-жылы Самара Каримова Оштогу Ниязаалы Борошев атындагы окуу жайга директор болуп дайындалып, коомчулуктун нааразычылыгынан улам министр тарабынан кызматтан алынган.

На изображении может находиться: 1 человек, сидит и в помещении

На изображении может находиться: 1 человек, стоит и на улице

NazarNews.kg

Последние новости