www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң бай адам статусунан айрылды

Tesla жана SpaceXтин башчысы Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде кайрадан экинчи орунга түшүп калды. Бул тууралуу Business Insider басылмасына жазды. 

Forbes Real-Time рейтингине ылайык, америкалык биржалардагы соодалашуу аяктагандан кийин Илон Масктын байлыгы 176,2 миллиард долларга бааланган. Күндүн ичинде анын кирешеси 13,5 миллиардга, же 7,1 пайызга азайган. Рейтингде биринчи орунга кайрадан Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос келди. Анын байлыгы 182,2 миллиард долларга бааланган. Бир жылдын ичинде Безостун байлыгы мурунку жылга салыштырмалуу 3,6 миллиард долларга же 1,96 пайызга кыскарган.

Ошол эле учурда, Bloomberg Billionaires индексине ылайык, Маск планетанын эң бай адамдарынын тизмесинде лидер бойдон калууда. Анын байлыгы 194 миллиард долларга бааланса, Безостун байлыгы 183 миллиард долларга барабар.

Белгилей кетсек, 7-январда Маск Безосту артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай ишкерге айланган. Эки күндөн кийин анын байлыгы биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашкан. Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Безосту басып өткөндөн кийин, ал өзүнүн твиттердеги баракчасына Марска шаар куруу үчүн бүт мүлкүн сатууга убада кылган билдирүүнү жайгаштырган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости