Алмазбек Акматалиев: «Президенттик башкарууда парламенттеги саясий коррупция токтойт»
Саясат  |   |  544

Кайсы бийлик болсо да ыңгайлуу пикир айткан, арканды алыс ыргыткан эксперт менен башкаруу саясаты боюнча акыл калчадык.

- Алмазбек мырза, жакында кыргыз эли президенттик башкарууну тандап алышты. Алгач жакшы жагы кайсылар, ушу тууралуу айтсаң?

- Президенттик башкаруунун эң биринчи өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы - бул күчтүү, бир муштум болгон, такталган программасы бар, келечекке жол алган ишенимдүү өкмөт түзүлөт. Себеби, шайланган президент министрлерди өзү тандайт да, кызматка коёт, ошондой эле, керт башы менен жооп бергенге мажбур болот. Мүчүлүштүктөргө министр жана президент жооп берип туруусу кажет.

Экинчиден, жанагы парламенттик башкаруудагы саясий коррупция кыркылат. Себеби, өкмөттү курап аткандан кийин балээнин баары ошо жерден башталып кетип жатпайбы: министрлер сатылып кетип, кылтың-мылтың, ушу сыяктуу иштер болбойт.

Учүнчүдөн, Жогорку Кеңеш өзү өкмөттү курабай калгандан соң тыкыр көзөмөл кылганга кызыкдар болуп калат. Бул абдан маанилүү позиция. Бирок, менин оюмча Жогорку Кеңеште дагы мындай күчтүү президент башкарган өкмөттү реалдуу тизгиндеп, баланска алып келип туруш үчүн сөзсуз түрдө кандайдыр бир рычагдар болуп туруу керек.

- Кандай рычагдар?

- Жеке пикиримде, эсептөө палатасынын дайындоосун жана бошотуусун толугу менен президенти жок эле парламент алса, мүмкүн АКСти азыркы УКМКдан бөлүп чыгып туруп, аны да депутаттардын көзөмөлүнө берсек, анда алар дагы күчтүү президенттен көз каранды эмес, бирок, тизгиндөөчү, көзөмөлдөөчү, мониторинг жасачу функциялары көбөйүп калат эле да. Ошондо биз күчтүү президент автократ же диктатор болуп кетпешине, бийлик бутактарын баланстап сактоого жол ачат элек.

- Төртүнчүдөн?

- Атааруу бийлиги бүт бир вертикалга жайгашмак. Бешинчиден, абдан маанилүү нерсе - эл шайлаган президент элдин ман-датын алып атат. Карапайым калк ишеними эми өкмөткө өтүү-дө. Мындай эч качан болгон эмес.

Өкмөттү президент дайындап келген, азыр болсо президент 80 пайыз добуш алдыбы, ошол 80 пайыз ишеним өкмөткө өтүп атпайбы. Себеби, келечекте реформа жасаганга, популярдуу эмес чараларга барганга андай президенттин, андай өкмөттүн дароо эле мүмкүнчүлүгү пайда болуп калса, жаманбы?

Иш жүзүндө президент: «Өкмөт менен ушуну жасайбыз, себеби, баарыңар мен аркылуу дайындалгансыңар. Мени шайлап жатканда программамда ушу пункт бар болчу. Ошону гана ишке ашырып атам. Жоопкерчилик өзүмдө. Силер мени колдоп бергиле» деп айтканга негиз түзүлүп калат.

- Демек, сиздин жеке пикириңизде Жогорку Кеңешке да кайсы бир тармакты энчилебесе, президент баардык бийликти колуна алып, андан ары диктатор болуп кетиши ыктымал деп жатасыз да?

- Ооба, бийликтин кайсы бир бутагын Жогорку Кеңеш өзүнө алыш керек. Өйдөдөгү менин жеке сунушум - эсептөө палатасы менен коррупцилга каршы кызматты Жогорку Кеңешке бериш керек. Ошондо баланс болот.

Булак: Азия News гезити

Поделитесь с друзьями