www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы райондордун бириндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 22-кабаттан кулаган өспүрүм кыз тирүү калды, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, окуя борбор калаанын Бирюлево Восточное деп аталган районунда, 29-январда Загорьевская көчөсүндө болгон.

Белгилей кетсек, полиция кырсык 8-класстын окуучусу биринчи балкондон экинчисине өткөнгө аракет кылган учурда болгонун билдирди. Кызды курбусу колунан кармап өткөрүүгө аракет кылып жатканда күчү жетпей калганы айтылды.

"Андан сырткары, кыз абдан эле бийиктиктен кулап, бирок кандайдыр бир керемет болуп, оор жаракат алган эмес. Учурда өспүрүм Филатов ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө турат", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми тартип сакчылар кыздын мындай кадамга барганына эмне түрткү болгондугун иликтеп жатканын билдиришти. Дагы бир маалыматтарда анын психиатрдын каттоосунда турганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости