www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы өлкө аймагына 2,2 млн сомдон ашык бааланган косметикалык каражаттарды жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду.

Мекеменин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жүк ташуучу унаа текшерилип, анда косметикалык каражаттар жана ар түрдүү эл керектөөчү товарлар тиешелүү коштомо документтерсиз ташылып баратканы аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 2,2 млн сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик бюджетке түшүүгө тийиш болгон салык төлөмдөрүн өндүрүү боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди өлкөгө товарларды алып кирүүдө салык жана бажы мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырып, тиешелүү документтерсиз товарларды жүгүртүүгө чыгаруу мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Последние новости