www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24.kg агенттигинин жетекчилери сурактан чыкты

24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана сайттын редактору Махинур Ниязова 17-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) дагы сурак берип чыгышты. Аталган агенттик алардын адвокаты Нурбек Сыдыковго шилтеме кылып маалымдагандай, жетекчилер күбө катары тактоочу суроолорго жооп беришкен.

Агенттиктин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда да УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт мындан сырткары кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. Сайтта кабарлар үч тилде: кыргызча, орусча жана англисче жарыяланат.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүн, кеңселерин тинтип, 11 журналистти 48 саатка камаган. Милиция алар "Массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын маалымдаган.

Кыргызстандагы журналисттердин кармалышы жана маалымат каражаттарынын кеңселери жабылышынэл аралык уюмдар айыптап, бийликти журналисттерди куугунтуктаганды токтотууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости