www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24.kgге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси «Согушка үгүттөө» боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.
Редакцияга тинтүү жүргүзүлдү. Компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, УКМКнын кызматкерлери бүгүн саат 11.00дөр чамасында редакциябыздын кеңсесине келишкен. Башкы директор Асел Оторбаева, башкы редакторлор Антон Лаймар жана Махинур Ниязова суракка алынды.
Булак: NazarNews.kg