www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт

27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында башталат. Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

3. «Контрчалгындоо иши жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

4. «Тышкы чалгындоо иши жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

5. «Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

6. «»Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

7. «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

8. «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

9. «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

10. «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

11.«Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө» Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости