www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27 жыл мурда тоңдурулган түйүлдүк быйыл төрөлдү

Молли Гибсон бул жылдын октябрь айында төрөлгөн ымыркай, бирок анын төрөлүшү үчүн 27 жыл талап кылынган. Ал төрөлгөн эмбрион 1992-жылы октябрда тоңдурулуп, 2020-жылдын февраль айында Тина менен Бен Гибсон атту жарандар анын ата-энеси болууну тандаганга чейин тоңдурулган абалда сакталып келген.

 

ВВСнин маалыматы боюнча, Молли дүйнө жүзү боюнча жаңы рекорд койду: анын эмбриону дүйнөгө келгенге чейин тоңдурулган абалда эң узак убакыт сакталган. Моллиге чейин бул рекорд анын эжеси Эммага таандык болгон.

Маалыматка ылайык, жубайлар дээрлик беш жыл балалуу боло албай келген. Бир топ убакыттан кийин Моллинин ата-энеси жергиликтүү телеканалдардын биринен тоңгон эмбрионду асырап алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сюжет көрүшкөн.

Кесиби боюнча мектеп мугалими Тина Гибсон жана анын 36 жаштагы күйөөсү, киберкоопсуздук боюнча адис Бен, Теннесси штатындагы Ноксвилл шаарында жайгашкан христиан өкмөттүк эмес уюму - Улуттук Эмбрион Донордук Борбору (NEDC) менен байланышкан. Ал уюм энелер баласын төрөбөй, тукумсуздуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө кайрымдуулук катары берилген эмбриондорду сактоо менен алектенет.

Тина жана Бен Гибсон сыяктуу көптөгөн жубайлар генетикалык жактан алар менен эч кандай байланышы жок эмбриондорду асырап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда Америка Кошмо Штаттарында бир миллионго жакын тоңдурулган эмбрион бар экени белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости