www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев коронавирус убагында Бишкекте аппарат жетекчиси болуп туруп шаардын элин оңдуруп деле жиберген жок. Бишкекке калк үчүн гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр калкка таратылбай эле, дүкөндөрдөн сатылып жаткандарын активисттер видеого тартып алышкан. “Аю” холдингдин президенти Шакинин орун басары болуп жүрүп Бишкек мэриясынын өзүн-өзү билген аппарат жетекчиси болгон. “Калк айтса калп айтпайт” коронавирус убагында Бишкекке эмне деген гуманитардык жардамдар келбеди. Карапайым элден түзүлгөн көрөрмандар гуманитардык жардамдар элге эмес түз эле дүкөндөргө түшүп жатканын тартып алышып, элге көрсөтүп жатышты. Ушул иштерге жооп бере турган Түлөбаев Балбак “даңк” этип койо берип коюп, Ысык-Көлгө учуп кеткен. Борборубуз Бишкекке карантин учурунда: 106 764 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 982,1 тонна ун, 201,8 тонна макарон, 161 246 литр өсүмдүк майы, 228,1 тонна күрүч, 211,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 18 478 кг чай, 105 806 кг буурчак, 12 530 кг китлап, 448 кг эт, 33 337 коютулган сүт, 8 126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түзгөн.

 Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 162 336 беткап, 2 925 респиратор, 1 220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 4 165 литр антисептик, 1 794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6 654  даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 100  даана медициналык баш кийим, 9 555   даана бахила, 9 500 даана шпатель келген. Мунун бары элдин колуна түштүбү же Ысык-Көлгө дыргайактап качып келген Балбак Түлөбаевдин капчыгына түштүбү, ким билет?

“Аю” холдингдин президенти Шакинин орун басары болгон Түлөбаев “Кыргызстан” партиясынан президентикке коюлган Дастан Жумабековдун аппарат жетекчиси Самат Ибраевди колдобогондо, кимди колдойт эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости