www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башында саясий туткун ким экенин чечмелейли. Эгерде саясатчы, коомдук ишмер, журналист, жарандык активист бийликке каршы, оппозициячыл оюн билдирип, айтып, камалып, куугунтукталса, аны саясий туткун катары таанып-билишибиз керек.
Ал эми ошол инсандар качан, кайсы президенттинубагында камалганы - бул экинчи маселе.
Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров, Талант Мамытов президент болушкан учурда адилетсиз камалып, абакта отурган саясатчылардын баарын бирдей саясий туткун катары карашыбыз керек.
Мисалы, ошол эле Текебаевдин азыркы убакка чейин акталбаганы - түздөн-түз азыркы бийлик - Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун жоопкерчилигинде!
Кыргыздын жаңы тарыхында ар бир президент өз бийлигин бекемдеш үчүн саясий куугунтук жүргүзүп келген, өзгөчө бул ыкма шайлоо же референдум алдында күчөгөн болчу. Азыр да ошондой болул жаткандай шекилдүү.
Мисалы, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановго карата соттун саясий чечимдеринин айынан ушул убакка чейин акталбагандыктан, президенттик шайлоого катыша албай калышты. Ошону менен ал саясатчылардын Баш мыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жол ачат!
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Тойгонбек Калматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле учурда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени - кайрадан эле соттор кош стандарттуу принцип жүргүзүп келгенин далилдейт.
Өзгөчө соттук система кескин реформага, тазаланууга муктаж экенин көрсөтөт.
Эгерде Жапаров, Мамытов, Ташиевге элдин толкуну менен акыйкат жетсе, башка саясий туткундарга дагы акыйкат бирдей жетиши керек! Жаңы бийлик убада берген жеке өч алуудан кол үзүү так ушундай болушу шарт!
Ошол эле Кой-Таш иши боюнча мыйзамсыз чабуулга буйрук бергендер эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, Канат Сагымбаев сыяктуу накта офицерлер абакта отурганы - адилетсиздиктин туу чокусу!
Ошондуктан убактылуу президент Талант Мамытов муну өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, саясий иштерди ачык, калыс, тездик менен каралышына кепилдик бериши абзел!
Бул иштер президенттик шайлоого чейин бүтүш керек. Ошондо гана биздин шайлоонун жыйынтыгын негизги ички жана тышкы оюнчулар тааныйт. Буга оболу азыркы бийлик кызыкдар болушу абзел!
Булак: "Азия News" гезити