www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
28-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, ал эми Нарында +27...+32 градус ысыйт.
Бул күнү Бишкек менен Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Булак: NazarNews.kg