www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында №28 мектеп-комплексинде кадрдык жана финансылык мыйзам бузуулар аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, айрым педагогдордун билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына шайкеш келбегени белгилүү болгон. Ошондой эле мектеп директорунун орун басары педагогикалык билимге ээ эмес же педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өтпөгөнү аныкталган.
Мындан тышкары, айрым кызматкерлер эмгек милдеттерин иш жүзүндө аткарбаганына карабастан аларга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгени белгилүү болду.
Текшерүүдө мектепке чейинки бөлүмдө тарбияланган айрым балдар мекеменин эсептик документтерине киргизилбей, алар үчүн ата-энелер тарабынан төлөнгөн ай сайынкы каражаттар кассага кириштелбегени да аныкталган.
Аталган фактылар боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, мыйзамсыз сарпталган акча каражаттары толугу менен бюджетке кайтарылды. Мектептин директору кызматынан бошотулуп, билими мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен директордун орун басары да ээлеген кызматынан алынды.
Ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселе Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каралууда.