www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

281 ишкердин мыйзам бузганы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы ишкердик субъектилерге рейд жүргүздү. Анда 674 жеке тарап салыктык көзөмөлдөн өттү.

Мунун ичинен 279 жеке тарап салык төлөө, 395 жеке тарап сатып алуулар боюнча текшерилди. Натыйжада 281 ишкердин мыйзам бузганы аныкталды.

Айта кетсек, салык төлөө боюнча текшерүү учурунда 80 ишкер уруксат кагазын (күбөлүк, патент, лицензия) көрсөтө алган эмес, 44 ишканада көзөмөл-кассалык машина коюлбаган, 42 ишкерде эмгек келишими, полис жок болгон.

Ал эми сатып алуулар боюнча текшерүүдө 122 ишкер кассалык чектерди бере алган эмес, 74 ишканын кассасында ашыкча акча болгон, 5 ишкер ККМге же R-Keeper’ге кирүүгө каршылык көрсөткөн. Мындан тышкары текшерүү учурунда 117 субъект жабылып калган.

Булак: Азия News гезити 

Последние новости