www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-декабарда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” токтом кабыл алды.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн 29 округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Округдук шайлоо комиссиялары КР БШКнын 2025-жылдын 3-октябрында токтому менен мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону даярдоо  жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин БШКнын чечими боюнча токтотулат.

КР БШКнын тиешелүү токтомдору менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталган. Ал эми №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылган.

Последние новости