www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 3-августка караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт.
Түнкүсүн Ысык-Көлдүн батыш акваториясында жана күндүз айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
Чүй облусу: түнкүсүн +19…+24°, күндүз +34…+39°;
Талас облусу: түнкүсүн +4…+9°, күндүз +26…+31°;
Баткен облусу: түнкүсүн +14…+19°, күндүз +30…+35°;
Ош облусу: түнкүсүн +21…+26°, күндүз +34…+39°;
Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +21…+26°, күндүз +34…+39°;
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +14…+19°, күндүз +28…+33°;
Нарын облусу: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +29…+34°.