www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 3-августта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32, Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 26…31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска жетет.

Бишкек шаарында Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости