www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын аймагына чатырлар тигилип жатат. Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов «АКИpress» агенттигине чатырлар эмне үчүн тигилип жатканын айтты.

Анын айтымында, чатырлар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген. Анын ичинде жылуулук менен кошо бардык шарттар түзүлгөн.

«Чатырлар бейтаптар үчүн эмес. Бир бейтапты бир нече адам: апасы, атасы, чоң атасы, чоң апасы коштоп жүргөндүктөн биздин кабылдамада кезектер пайда болуп жатат. Бейтапты кароо учурунда биз коштоп жүргөн адамдарды ушул тигилген чатырларда күтүп турууга чакырабыз. Ал жерде жылуу, бардык шарттар түзүлгөн. Муну менен биз элдердин кабылдамага топтолушунун алдын алып жатабыз», - деди башкы дарыгер.

Бир сутка ичинде ооруканага 451 бейтап кайрылып, 51 бейтап ооруканага жаткырылды. Мамановдун айтымында, учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. «Биз бейтаптарды чыгарып, жаңыларын кабыл алып жатабыз. Иш уланууда жана бардыгына медициналык жардам көрсөтүп жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости