www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(уландысы)
Турсунбай Бакир уулу: “Кыргыз Эл Баатырын күттүрүп, Максим Бакиев менден 1 сааттай Баткен окуясы тууралуу сурады”
- ...Экөөбүз сүйлөшүп олтурдук. Ал ыйлап жатат улам. Жүрөгү ооруп жатат дегенинен Душанбеден алган дарымды бердим. Андан башка бир сумка жылуу кийимдерди Жума Наманганиге бердим, “япондорго берип коюңуз, үшүп калышпасын” деп. Анан генералды сүрөткө тартып алайын десем, “мусулмандар сүрөткө түшпөйт” деп Жума болбойт. Акыры жалдырадым: “Жан аке, уруксат бериңиз, генералды өлдү дешип жатат тигил жакта, видеого тартып алайын” десем, акыры “Анда тетиги сайдын боюна баргыла, ошол жактан тарта бересиң” деп бизди суу жээгине жөнөттү.
Анан генерал экөөбүз суунун жээгине барып көпкө сүйлөштүк, анын да ыйлаганы көпкө басылбады. Кийин ушул видеону Максим Бакиев көргөн экен, бир ирет, 2010-жылдын март айында Малайзиядан келдим. Элчи катары ал убакта жаңы түзүлгөн Кыргызстандын инвестиция, инновация жана өнүктүрүү борбордук агенттигин жетектеп турган Максим Бакиевге кирип, инвестиция маселеси боюнча кеп козгоп баштасам, “токтоңуз, мен кичине бала элем, сиз Баткенде колго түшкөн генералга бет аарчыңызды берип сооротуп жатканыңызды көргөн элем, ошону айтып бериңизчи” дейт. Мен ыңгайсыз абалда калып, “сыртта кезек күтүп Эрнест Акрамов, Омор Султановдор олтурушат” десем, “олтура беришсин, айтып берсеңиз” деди. Ошентип кыскартып олтуруп айтып бергенимде да бир саат айтыптырмын. Угуп болгон соң Максим “Ажы аке, сиз ушулардын баарын китеп кылып жазыңыз, мен чыгарып берем” деп калды. Бул жолугушуу март айында болсо, кийин, апрелде эле революция болуп кетип жатпайбы.
- Анан ошону менен китеп жазылбай калдыбы?
- Эмнеге? Жазылды. Жаздым, болгону демөөрчү жок ушул мезгилге чейин жарыкка чыкпай жатат. Бул боюнча кимдерге гана кайрылбадым, президентке чейин “Бир аз акча бергилечи, ушул китебимди чыгарып алайын, тарых үчүн. Каяктагы Баткен согушуна барбагандар эле ал тууралуу китептерди чыгарып алышыптыр өздөрүн мактап” деп кайрылдым, майнап чыккан жок. Ошол китеп жазгандардын арасынан бир гана журналист Бекен Назаралиевдин жазганы жакты, чындыкты жазыптыр.
“Кийин баары – япондор баш болуп намаз окуп калышты”
- Жакшы, эми деле кеч эмес китебиңизди чыгарууга. Демөөрчү табылып калаар. Эми кайрадан Баткенге, Шамкеевге кайрылып барсак...
- Ооба. Ошентип бир топко сүйлөшүп олтургандан кийин генералга “видеого тартып алайын, кимгедир айтчу сөздөрүңүз бардыр” десем, камера аркылуу биринчи Акаевге кайрылды. “Урматтуу Аскар Акаевич, эгер мен керек болсом, мени бул жерден алып кетиңиз” дейт. Мен “Анарбек, мына, сизге сөз берип жатам. Ал жагынан кыжаалат болбо, дагы бир аз убакыт сабыр кыла тур. Азыр мына бул бешөөнү алып кетип жатам, кийинкисинде, дем алыш күнү силерди алып кетем” дедим. Ошентсе да президентке кайрылып коеюн деп, “Урматтуу Аскар Акаевич, бул жакта – Баткендеги элдердин көбү жер төлөдө жашайт экен. Көпчүлүгүндө свет жок, көбү Кыргызстандын сом-акчасын көрбөптүр, бул жакка өзгөчө көңүл буруш керек экен” деп сүйлөдү. Анда Баткен деген область жок, түзүлө элек болчу, Баткен району гана бар эле. Андан кийин эми үй-бүлө, туугандарыңызга бир-эки ооз сөз сүйлөп коесузбу десем “Күчүктөрүм, намаз окугула. Куран жаттагыла! Баарыбыз мусулман бололу” деп сүйлөп кирди генералыбыз. Андан ары “Мен тирүүмүн, Кудай буюрса көрүшөбүз” деди.
- Намаз окуп калышкан да, ээ, алар ал жакта?
- Ооба, бүт баары, япондор баш болуп намаз окуп калышыптыр.
- Генерал кийин намаз окуп калдыбы ошону менен?
- Кийин баары, ошол эле япондор да намаздарын үзбөй окуп жатышты. Ал эми генерал жөнүндө айта албайм, себеби, Баткен окуясынан соң ал киши мени менен мамилемди үзүп койду. Бир гана Баткен окуясын эскерүү күндөрүндө, жаңы жыл, ж.б. майрамдарда ал кишинин жардамчылары анын атынан куттуктоо открыткаларын, белек-бечкектерин алып келишчү. Себеби, Шамкеевди Баткен окуясынан кийин кайра кызматка койгон, ошол себептүү мени менен мамилени үзүп койду деп ойлойм. Кийин бир тууган агасы “Майдан” гезитине берген маегинде “Турсунбай Бакир уулуна ыраазымын, бир тууган инимди аман-эсен туткундан алып чыкты” деп айтканын окуганым бар. Андан соң 2008-жылы генерал каза болгондо батага бардым, ал жерден туугандары рахмат айтышты. Дагы бир тууган инисинин баласы “Айыл банктын” президенти экен. Жакында эле иштер менен барып калсам, ал жолугуп калып “Ажы аке, сизге рахматымды айта албай жүрдүм эле. Мен ал кишинин инисинин баласы болом” деп рахматын айтты.
- Банктын жетекчиси болсо жогоруда айткан китебиңизди чыгарууга демөөрчүлүктү ошол балага айтпаптырсыз да?..
- Айтайын дедим, уялдым. Өзү айтыш керек болчу...
Туткун талаш
- Эми ал сиздин китеп жазганыңызды билбеген чыгаар. Жакшы, кайрадан артка кайтсак?..
- Ошентип Шамкеев менен сүйлөшүп болгон соң жогоруда айтылган беш милицияга барсам, менден деле коркушат. Сакалым өскөн, жүдөп жүрсөм, “бу дагы моджахеддерден окшойт” деп ойлошсо керек да. “Мен, Турсунбай Бакир уулу, силерди Кыргызстанга алып кеткени келдим” десем, абдан сүйүнүштү. Ошондо Жума Намангани аларга “Эгерде силер Өзбекстандын милициялары болгонуңарда баарыңардын башыңарды алат элем. Кыргызстандын милициялары экенсиңер, билем, силерде кичине болсо да ыйман бар. Эми баарыңар мага “мындан ары намазды таштабайбыз” деп сөз бергиле десе баары коркконунан унчугушпайт. Ортого мен кыпчылып, “Жумабай аке, мен убада берем! Булардын бири да намазды таштабайт” дедим.
Ошентип аларды алып жөнөдүк, жолдон жанагы тажиктердин полковниги Шох Искендеров кошулду. Аны менен чогуу Жерге-Тал районунун акими – Зуура деген кыргыз эжеге кирдик. Кирсек эле ал эжекебиз да өзүн мактап, “Ажы аке, Кыргызстанга барганда Аскар Акаевге мени да айтып, жардам берди деп айтып коюңузчу” дейт. Каяктагы жардам, аны биринчи жолу көрүп жатсам. Болбосо мага эмес, моджахеддерге жардам берип жүргөн экен ал эжеке, себеби, моджахеддер ошонун аймагында – районунда жүрүшкөн. Ошентсе да “макул эже, ошентип айтам десем” бери жактан Шох “Брат, туткундагылардын ичинен бирөөнү мага берчи, мен бошоткондой болоюн” дейт. Мен таң калып, “Кандай бу, мен өзүмдүн эмес, мамлекеттин тапшырмасы менен келип бошотуп алып кетип жатам, калган бешөөсүн дагы келип чыгарам” десем, “Брат, мен Баяман менен досмун. Ошого туткундагылардын бирин Баяман бошоткон болсунчу” дейт. “Шох, мен баары үчүн жооп берем” десем, “Жо-ок, кийин сизге бирөөнү кошуп беребиз. Сиз бошотту дегендердин катарына” дейт. Анан эле канча күндөн бери жанымда жүргөн жанагы ыраматылык Нурдин Темиров деген жардамчым да “Ажы аке, мен сиз менен ака-үкө болуп калдык го. Шох экөөбүз тууганбыз, жок дегенде бирөөсүн берели” дейт. “Түй ата, таза кызык болду го бу жагы. Макул, кимди аласыңар?” десем “Чоң Алай районунун паспорт столунун начальниги Жаңыбай деген жигитти алабыз” дейт. Анан Шохко “Макул, Жаңыбай болсо Жаңыбай, бирок эртең менен саат 9га алып келип каласыңар” дедим. Эртеси айткандай саат 9да алып келишти. Ошентип ал жерден Баткенге чейин вертолет, Баткенден Кантка самолет менен учуп келдик.
“При чем тут акча? Мен бир тыйынсыз бошотуп жатам” десем, “Сиз кийлигишпеңиз. Бул тууралуу унчукпаңыз, бул биздин ишибиз” деди.
- Акча тууралуу иштер качан башталды анан?
- Мына, дал ушул жерде акча тууралуу алгачкы сөздөр башталды, тээ башта айтылган 3 миллион доллар боюнча. Мен бешөөнү УКМКга тапшырдым, ошондо азыркы акыйкатчы, ал кездеги УКМКнын дагы бир орун басары Токон Мамытов мени кабыл алды. Эртеси Аскар Акаев, Болот Жанузаковдор кабыл алып ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол эле күнү УКМКнын төрагасы Мисир Ашыркулов мени чакырып, “азыр Япониянын элчиси келет, унчукпай олтурасыз” деп калды, өзү болсо балдакчан.
Айткандай эле көпкө күттүрбөй Япониянын элчиси котормочу, жардамчылары менен келип биз менен баш ийкеп саламдашты, бирок олтургучка олтурбай койду. Анан Ашыркулов ага “Мына, биздин адамыбыз бешөөнү бошотуп келди, андагы япон – силердин жарандарды көрдү, тирүү, аман-эсен экен, ал гана эмес жылуу кийимдерди да бериптир” деди. Алар мага башын бир аз ийишип рахматын айтышты. Ошондо Мисир Ашыркулов тигилерге “шарт мурункудай” дегенде япон элчиси “азайтса болбойбу?” деп сурады. Анда Ашыркулов “Жок, болбойт экен. Мына, адамыбыз келди, кийинкисинде силердин жарандарды алып келет” деп жооп кайтарды. Мен ошол жерден булар эмнени сүйлөшүп жатат деп шек санап калдым. Аңгыча элчи бизге дагы бир ирет баш ийкеп салам берип, чыгып кетти.
Мен ал жерден чыгып эле ал кездеги Коопсуздук кеңештин катчысы Болот Жанузаковго келип болгонун болгондой айттым. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат, мен түшүнбөй калдым десем, ал менде диктофон бар деп ойлоду окшойт, кагазды алып, “3 тонна мука” деп жазды. Мен түшүнбөй “бу эмнеси?” десем, 3 деген 3, тонна деген миллион доллар” дейт жазып. “При чем тут акча? Мен бир тыйынсыз бошотуп жатам” десем, “Сиз кийлигишпеңиз. Бул тууралуу унчукпаңыз, бул биздин ишибиз” деди. Ачуум келип чыгып кеттим.
Анан 12-октябрда биринчи топту бошоткон болсок, туура жети күндөн кийин, тагыраагы 19-октябрда Тажикстанга кайра бардым. Барсам, Жума Намангани “Ажы аке, сизге азыр генералды берем, бирок эмне, силерге подполковник керек эмеспи?” дейт. Ал тууралуу дегеле укпаптырмын, бийлик тараптан дагы эч кимиси айткан эмес. Ал эми жанагы старшина, лейтенанттардын ата-энелери ага чейин “ортомчулар акча сурап жатышат, алар сураган акча жок” деп мага кайрылышканда “кыжаалат болбогула, акчасы жок эле бошотуп келем” деген элем. Ал эми Жума айтып жаткан подполковниктин Жолборс Жээнбаев деген агасы мени менен кошо университетте чогуу иштеген экен, ал бир ооз айтып койбоптур. Анан Жумабай Наманганин өзүнөн угуп жатканым таң калычтуу болду. “Албетте, керек. Болгону мага ал тууралуу эч ким айткан жок” десем, күлүп анан тигилерге кошуп мага Жолчу Жээнбаев деген милициянын подполковнигин кошуп берип жатат...
(уландысы бар)
Булак: NazarNews.kg