www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 чакырылыштагы кошелектуу-базарком парламент 2005-2007-жылдар

 Бул чакырылыштагы парламент чуу менен башталып, Акаевдик бийликти жыгып келди. 2005-жылы президенттик шайлоо болуп, тандем менен Бакиев президент, Кулов өкмөт башына келет. 2005-жылы жайында депутат Жыргалбек Сурабалдиев, күзүндө депутаттар: Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев атылат. 2006-жылы жазында спикер Өмүрбек Текебаев спикерден кетип парламенттин бир топ депутаттары менен оппозицияга өтүп, Атамбаев менен биригип «Реформа үчүн» кыймылын түзөт. Спикерликке Марат Султанов келет.

2006-жылдын апрель-май айы митингдер менен өтөт. 2006-жылдын күзүндө үлкөн митингдер менен оппозициянын Башмыйзамы кабыл алынат. 2006-жылдын аягында Бакиев өз Башмыйзамын парламенттен өткөзүп, 2007-жылдын башында Куловдун өкмөтү отставкага кетет.Өкмөт башына А.Исабеков келет. Бирок, анын өкмөтү узакка созулбайт. Куловдун бийликке каршы түзгөн «Бириккен, фронтунан» жүрөгү түшкөн Бакиев, Атамбаевди өкмөт башына алып келет. 2007-жылы апрелде оппозицияга оор соку урулат, күзүндө жаңы Башмыйзам кабыл алынып, 3- чакырылыштагы парламент «харакири» жасап тарайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости