www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл арасында үй тиричилигинде керектелүүчү 3 фазасы бар абоненттерге электр энергиясын берүү токтотулат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бирок максатсыз пайдаланган жана 3 фазалуу электр тогу менен жылытуучу электр приборлор (электр жылыткычтар ж.б жабдыктар) өчүрүлөт, аларга (борбордук жылытуу системасы кошулбаган көп кабаттуу үйлөрдүн башкасына) жылытуунун электр энергиядан башка түрүнө өтүү сунушталууда жана кызматкерлер тарабынан катуу көзөмөлгө алуунуда.

Ошэлектр ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жана максатсыз пайдаланган электр колдонуучуларга эскертүү берүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Алдыдагы кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн Ошэлектр ишканасы тарабынан баардык чаралар көрүлүүдө жана ишкана тарабынан сунушталган үнөмдөө тууралуу талаптарды сактоону суранабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости