www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июлга карата аба ырайы

Ишемби күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын өрөөнүнүн кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +25...+30 градус болот.

Бишкекте түндө, Ошто кечке маал, ал эми Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +26...+28 градуска жетет.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости