www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдан бери Башмыйзам 6 жолу алмашып, 5 жолу жаңырды

1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле баары орду ордуна келбейт. Тагыраагы, ал Конституцияга кайра кайтып келүү мүмкүн эмес. Анткени, андан бери бир топ өнүгүү, өсүү болду. Болгону, 1993-жылкы Конституциядан мамлекетке тиешелүү айрым нормалары алынды. Мисалы, эки палаталуу парламентти жана бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү принциптерин алсак болот. Тагыраагы, жаңы Конституцияга 1993-жылкы Конституциянын айрым нормаларын жакындаштырып алып кошуп койгонун айта кетишибиз керек.

Конституциянын жаңы долбоорунда мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Ошондой эле Башмыйзамда өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Конституцияда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Башмыйзамга  ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Ошондой эле мыйзамда өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө көп адамдар тарабынан бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланып жатат.

2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү. Ошондой эле жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге мурда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү экенин билдирген.

Жаңы Конституция арымын кенен таштап иштей баштады. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Башмыйзамга ылайык өткөрүлмөк, мындайча айтканда 120 депутатты эмес, 90 гана депутатты шайлайбыз. Башмыйзамга үңүлүп бир карап көрөлү:

Президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат. 2021-жылы шайланган президент алты жыл иштейт, бул анын бир мөөнөтү катары эсептелет;

Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмү же пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардамдар менен камсыздоо 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин өкмөт отставкага кетет. Президент Министрлер кабинетинин курамын убактылуу түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт. Бул ишке ашып өкмөт отставкага кетип, ордуна Министрлер кабинети түзүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Баш мыйзамга ылайык өткөрүлөт;

Конституциялык палатанын судьяларынын кызмат орду Конституциялык сот түзүлгөнгө чейин сакталат;

Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьялары ыйгарым укуктарын белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт.

Жогорку соттун судьялары ыйгарым укуктарын белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлүүчү талапкерлердин документтерди берүү мөөнөттөрүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.

 

Кыргыздар эң узакка 41 жыл Конституция күнүн 5-декабрда белгилешкен. Андан соң 28 жыл 5-майда белгилеп келатышат. Эң аз 18 жыл 7-октябрды белгилеп калышты. Азыр улам жаңы Конституциялар кабыл алынып жатат. Кокустан, совет бийлиги убагындай жаңы Конституция кабыл алынган күн Конституция күнү катары майрамдала берсе: 11-апрель, 27-июнь, 30-декабрь, 8-ноябрь, 19-сентябрь деп бул күндү майрамдай берип баш адашмак:

1. Ак падыша Николайдын Конституциясы; 1906-жылы Мамдума спикери граф Сольский кол койгон, Ак падыша Николай экинчи аргасыздан кабыл алган. Кийин жокко чыгарылган.

2. Владимир Лениндин Конституциясы; 1918-жылы 10-июлда Бүткүл россиялык сьезд бекиткен.

3. Иосиф Сталиндин Конституциясы; 1936-жылы 5-декабрда Бүткүл союздук Советтердин сьезди бекиткен. Эң узак 41 жыл пайдаланганбыз.

4. Леонид Брежневдин Конституциясы; 1977-жылы 7-октябрда СССРдин Жогорку Совети бекиткен.

5. Акаевдин Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 1993-жылдын 5-майында легендарлуу Жогорку Кеңеш бекиткен. 1994-жылдын 30-июнунда, 1996-жылдын 10-февралында, 1998-жылдын 17-октябрында, 2003-жылдын 2-февралында референдум аркылуу өзгөрүп отуруп тарпы калбай калган.

6. «Реформа үчүн» кыймылынын Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 2006-жылдын 8-ноябрында Жогорку Кеңеш бекиткен. Эң кыска 51 күн пайдаландык.

7. Куловдун Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 2006-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш бекиткен.

8. Адахам Мадумаров менен Чолпон Баекованын Конституциясы; 2007-жылдын 19-сентябрында референдум аркылуу кабыл алынган.

9. Текебаевдин Конституциясы; 2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган.

10. 2016-жылы 16-декабрда Атамбаевдик бийлик тарабынан референдум аркылуу өзгөргөн.

11. Бекбосун Бөрүбашевдин Конституциясы: 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости