www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК «Кыргызстан» саясий партиясынын мурунку депутаты Кубанычбек Нурматовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байлашыкан көптөгөн фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Тергөө учурунда мурунку депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Ал 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлкккө ээлик кылып алган.

20-сентябрда ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, Нурматов 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. 2021-жылдын августунда БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости