www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан 300 млн сомдук баага тете алтынды чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Атайын кызмат "Манас" аба майданы аркылуу 52 кг чукул алтынды аткезчилик жол менен ташып бара жаткан башка мамлекеттин жараны кармалганын билдирди. Шектүүнү Түркиянын жараны болушу мүмкүн дегендер да бар.

Бийлик азырынча аткезчиликтен кармалган олчойгон алтындын чоо-жайын ачыктай элек. УКМК тараткан сүрөттөгү куймаларда “Россия” деген жазуу бар. Демек, алтын Орусиядан келген болушу мүмкүн деп божомолдосо болот. 51 кгдан ашуун алтын куймалар курамын так аныктоо үчүн Баалуу металлдар департаментинин лаборатория бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндүн эсеби боюнча Улуттук банкта бир грамм алтын куймасынын баасы жети миң сомго бааланууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости