www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-августта автобустардын иштөө графиги өзгөрөт

Бишкек шаарында 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат.

Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Последние новости