www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва районунда бирөөгө бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-ноябрда Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде тергөө ыкчам тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканада жаткан эркек киши 48 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектелип, Нарын облусунда туулуп-өскөн 38 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, пикир келишпестиктен келип чыкканы маалым болгон. Анда айылындагы көчөлөрдүн биринен шектүү жаран мас абалында жолдон өтүп бараткан эркек кишиден акча сурап, андан орой жооп алгандыктан ага бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Алган жаракатынан улам 16-ноябрь күнү эсине келбей жабырлануучу аймактык ооруканын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости